24.kg
15:33, 11 июля 2023, 24.kg

Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча иштер ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы тиешелүү макулдашуу 4-июлда күчүнө кирди.

«Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган. Бул келишимдин күчүнө кириши — Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык процесстин толук аяктаганын билдирет», — деди Смадияров.

Ал 2 357 чакырымга созулган чек арага 1 301 чек ара белгиси орнотулганын кошумчалады.

«Бул окуя чек ара аймактарындагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдеп, эки тараптуу жана аймактар аралык өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө түрткү болот», — деди ТИМ өкүлү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18