24.kg
11:54, 11 июля 2023, 24.kg

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү беш айда дээрлик 5,2 млрд долларды түздү

Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 5,2 жакын млрд.АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул көрсөткүч 2022ыжылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,9 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,9 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,2 пайызга көбөйдү.

«ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 1,6 миллиардга жакын АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 3 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 10,6 пайызга көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 8,3 пайызга кыскарган», — деди ал.

Төраганын биринчи орун басары кошумчалагандай, 2023-жылдын январь-майында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,4 пайыз) жана Казакстанга (33,2 пайыз) туура келди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18