24.kg
17:59, 10 июля 2023, 24.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү Баткенде чек ара маселесин талкуулады

3-9-июль күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министлер кабинети билдирди.

Маалыматка караганда, алты күндүк жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. 

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстанда болоору пландалууда.

Белгилей кетсек, өткөн жумада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Душанбеде Эмомали Рахмон менен жолугушуп келгени кабарланган. Минкаб аны ырастаган жана жокко чыгарган дагы жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18