24.kg
16:14, 10 июля 2023, 24.kg

Кытайда бала бакчага кол салуудан алты киши өлдү

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши өлүп, бир адам жараат алды.

Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында бир тарбиячы, эки ата-эне жана үч бала бар. Бычак менен кол салууга шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалганы кабарланды.

Полиция «атайылап жасалган кол салуу» деп атаган окуя 10-июлдун таңында Ляньцзян уездинде болду. Азырынча кылмышкердин эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.

Соңку жылдары Кытайда бычак менен коомдук жайларда, анын ичинде мектептерде кол салган окуялар көп катталууда.

Былтыр августта өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясындагы бала бакчага белгисиз адам бычак менен кирип барып үч кишини өлүмүнө себепчи болгон.

2021-жылдын апрелинде Бэйлюй Гуанси-Чжуан автоном районундагы бычак менен жасалган кол салуудан эки бала каза таап, 16сы жараат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18