24.kg
09:33, 10 июля 2023, 24.kg

Чүйдө сууга чөккөн 3 адам изделүүдө

Чүй облусунда сууга чөккөн 3 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка 4-июлда Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналына 20 жаштагы К.М. аттуу жигит түшүп кеткен. 9-июлда жерине издөө ишин улантууга 11 куткаруучу тартылган. Натыйжа болгон жок.

Ошондой эле 6-июлда Чүй районунун Садовое айылында Чоң Чүй каналына 66 жаштагы М.Т. аттуу эркек түшүп кеткен. 9-июль күнү жерине издөө ишин улантууга 2 куткаруучу тартылган. Натыйжа болгон жок.

Мындан сырткары, 6-июлда Аламүдүн районунун Октябрь айылында Ат-Башы каналына 29 жаштагы Т.Д. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүүгө жерине 7 куткаруучу тартылган. Натыйжа болгон жок.

ӨКМден белгилешкендей, үч адамды тең издөө иштери бүгүн, 10-июлда улантылмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18