24.kg
12:02, 07 июля 2023, 24.kg

Токтогулда суунун көөлөмү 2 миллиард метр кубка аз топтолушу мүмкүн

2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд метр куб сууну топтоо пландалса, суунун аз агып келгендигине байланыштуу ушул жылдын октябрь айына суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жыйынында айтылды.

Аны менен сууну көөлөмү 2 млрд метр куб сууга аз болоору божомолдонууда.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

«Айыл башчылардан тартып, айыл аймактар, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери «Кыргызстан улуттук тармактар» ААК менен биргеликте электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18