24.kg
11:17, 07 июля 2023, 24.kg

Мандаты алынган депутаттардын ордуна Маматов менен Абакиров келиши мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары — Фархад Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билим алгандыгы боюнча диплому жасалма деп табылып, БШКнын чечими менен мандатынан айрылды.

Эми алардын ордуна «Ата Журт Кыргызстан» жана «Альянс» партиясынын тизмесиндеги кезектеги талапкер парламентке келет.

«Ата Журт Кыргызстан» партиясынан Канатбек Маматов келиши мүмкүн. Аны Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырышат.

«Альянс» фракциясынын катарына Элдар Абакиров кошулушу күтүлөт. Белгилей кетсек, ал 2016-2019-жылдары экономика министринин орун басары болуп иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18