24.kg
09:48, 07 июля 2023, 24.kg

Германияда террор атакага даярданууга шектелип кыргызстандык жубайлар кармалды

Германия менен Нидерланд полициясы террордук чабуулдарга даярданган деп шек менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тогуз жаранын кармады.

Германиянын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандык, түркмөнстандык жана беш тажикстандык жаран кармалган. Алардын шериктери: тажикстандык жана кыргызстандык жубайлар да колго түшкөн.

Кармалгандар террордук уюм түзүүгө жана анын ишине катышууга, ошондой эле «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмун колдоого шектелишүүдө.

Маалыматка караганда, кармалгандар бири-бирин көптөн бери билишкен жана баары Германияга Украинадан, ал жакта согуш башталгандан көп өтпөй барышкан.

Алар ошол эле 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүрүшкөн. Прокуратура билдиргендей, алардын кармалган маалда кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес.

Шектелгендердин соту 6-7 июль күндөрү өтүп, алардын бөгөт чарасы каралат.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кармалган кыргызстандыктар тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18