24.kg
16:57, 06 июля 2023, 24.kg

Мирзиёев Швецияда Куран китебинин өрттөлүшүн айыптады

Өзбекстанда президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Шавкат Мирзиёев 5-июлда Ташкенттеги шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда Швецияда Куран китебинин өрттөлүшүн айыптап, аны «оор кылмыш» деп атады.

«Динди жана жер шарындагы миллиондогон адамдын асыл сезимдерин кемсинткен мындай нерселерге жол берилбеши керек», — деди Мирзиёев.

Ошондой эле ал «түрдүү элдердин диний баалуулуктарын сыйлабаган радикализм менен экстремизмдин кандай гана түрү болбосун баарына каршы экенин» белгиледи.

28-июнда Швециянын баш калаасы Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китеби өрттөлгөн. Бул акцияны Швецияга Ирактан качып барган 37 жаштагы Салван Момика аттуу жаран уюштурганы кабарланган.

Анын бул акциясын көптөгөн мусулман өлкөлөрдүн саясатчылары кескин сынга алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18