24.kg
16:15, 05 июля 2023, 24.kg

Франция Аблязовдон 30 күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды

Францияда жашаган Казакстандын оппозициячыл саясатчысы Мухтар Аблязов полициядан 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып, башка өлкөгө кетүү боюнча буйрук алганын билдирди.

Анын айтымында, полиция декабрь айындагы Франциянын сотунун чечимине таянууда. Анда сот Франция берген саясий башпаанектен ажыратуу тууралуу чечимге макул болбогон Мухтар Аблязовдун доо арызнын четке каккан. Аблязов француз соту саясий чечим чыгарганын жана мындай окуя мурда болбогонун айткан. Аблязов «Казакстандын тынымсыз жана күчтүү кысымынын» натыйжасында сот ушундай чечим чыгарды деп эсептейт.

«Алар менден 30 күндүн ичинде Франциядан чыгып кетүүнү талап кылышты, бирок башка өлкөгө кеткидей менде паспорт же виза жок. Бул чыныгы кутум! Бирок Батыш системасы диктатордук режимдерден айырмаланып, сот системасы аркылуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Ооба, бул система да мыйзамсыз чечимдерди чыгарышы мүмкүн. Бирок... Бул чечимдерди башка инстанцияда талашып, күрөшсө болот. Бул мага көп жылдар бою аман калууга, күрөшүүгө жана жеңүүгө мүмкүндүк берди!» — деп жазды Мухтар Аблязов Фейсбук баракчасына.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18