24.kg
09:00, 05 июля 2023, 24.kg

Чек ара: Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу башталды

Баткенде 4-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу 9-июлга чейин созулат.

«Чек ара маселеси тез эле чечилип калбайт да. Талашып-тартышып отуруп, анан бир макулдашууга келебиз. Анын үстүнө азыр өтө оор жерлер калган. Ошондуктан бири-бирибизге далилдерди келтирип ошонун негизинде орток пикир табылып чечилет», — деди Назирбек Бөрүбаев.

Эки өлкөнүн жумушчу топтору акыркы жолу 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18