24.kg
16:36, 04 июля 2023, 24.kg

Камчыбек Ташиев Душанбеде Эмомали Рахмон менен жолугушту

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Душанбе шаарына барып келди. Бул тууралуу Nazar News.kg кабарлайт.

Маалымат баракчасы өз ишенимдүү булактарына таянып, Ташиев Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушуп, анда эки өлкө ортосундагы чыңалуу жараткан бардык маселелер талкууга алынган билдирет.

«Сүйлөшүүлөр өтө оор маанайда өткөнүнө карабастан, Ташиев менен Рахмон бир пикирге келишкен, бардык маселелер боюнча макулдашууга жетишишти. Ошол эле баарыбыздын көкөйүбүзгө көк таштай тийген чек ара маселесине да буюрса чекит коюла турган болду», — дейт Nazar News.kg.

УКМК Камчыбек Ташиев Тажикстанга иш сапары боюнча маалымат бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18