24.kg
13:51, 03 июля 2023, 24.kg

«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин жүргүзүлөт.

«Эл үмүтү» стипендиясынын максаты Кыргызстандын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (мындан ары — окуу жайлары) QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

«Эл үмүтү» стипендиясы жыл сайын президенттин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

«Эл үмүтү» стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн кыйла таланттуу жаштарга ыйгарылат.

Жыл сайын 50 «Эл үмүтү» стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн — 10 стипендия.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18