24.kg
09:23, 03 июля 2023, 24.kg

Францияда башаламандыктын бешинчи түнүндө 700дөн ашуун киши кармалды

Францияда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин башталган тополоңдун бешинчи түнүндө 719 киши кармалды. Бул тууралуу BFM телеканалы өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. 700дөн ашык адамдын 194ү Парижде, 65и Марселде кармалган. 

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманиндин айтымында, өлкөнүн коопсуздугун сактоого 45 миңден ашык полиция жана жандармдар тартылды. Анын айтымында, бул түн мурункуга караганда «тынч» өттү. 1-июлга караган түнү 1300дөн ашуун адам кармалган. Беш күндө камалгандардын жалпы саны 3 миңден ашат.

Тополоңдор жана кагылышуулар учурунда кеминде 45 күч түзүм кызматкери жарадар болуп, 570тен ашык автоунаа жана 70тен ашуун имарат өрттөлгөн. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда дагы 870ке жакын өрт катталган.

Францияда 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин башаламандык күчөгөн. Окуя Нантер калаасында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн.

Теги алжирлик Наэлдин сөөгү ишембиде Нантер шаарында жерге берилди. Коопсуздук чараларынын алкагында Францияда кечки саат 9дан кийин коомдук транспорттын кыймылы токтотулду, фейерверк сатууга тыюу салынды. Баарынан катуу кагылышуулар, талап-тоноолор Марсель шаарында катталды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 2-июлда баштала турган Германияга сапарын жылдырды. Ал башаламандыктарга аралашкандардын үчтөн бир бөлүгү жашы жете электер экенин белгилеп, ата-энелерди жоопкерчиликти болууга чакырды.

Наэлдин өлүмүнө байланыштуу 38 жаштагы полиция кызматкери атайылап киши өлтүргөн деген айып менен камакка алынды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18