24.kg
09:49, 29 июня 2023, 24.kg

Эмомали Рахмон ажылыкка кайра-кайра баргандарды сынданды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон исламдын ыйык жайларына кайра-кайра зыярат кылуу фактыларын сынга алды.

Рахмон 27-июнда Курман айтка карата тажикстандыктарга куттуктоо жолдоп, айрым жарандар «Меккеге зыярат кылууну үй-бүлөлүк мелдешке айлантып, бир нече жолу ажылык сапарга барып жатканына» тынчсыздануусун билдирди.

Эмомали Рахмондун айтымында, үй-бүлөлөрү көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, татыктуу жашоого тийиштүү шарттар жок болгон учурда дагы ажылык сапарга баргандар кездешүүдө.

Рахмон улам-улам ажылыкка баргандарды сындаса, анын басма сөз кызматы июнь айынын башында Тажикстандагы эң чоң мечиттин ачылышында президент төрт жолу ажылыкка барып, Каабага эки жолу киргенин билдирген.

Жыл сайын Тажикстандан 4 миңдей адам Сауд Арабияга ажылык сапарга барат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстанда сапардын баасы өтө жогору. Быйыл Мекке жана Мединада зыярат кылууну каалагандар 5 406 доллардан төлөштү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18