24.kg
15:36, 27 июня 2023, 24.kg

ФСБ «Вагнерге» каршы козголгон кылмыш ишин токтотту

ФСБ «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын Москвага жасаган жортуулунан кийин козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялады.

Буга чейин Кремль бул ишти «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин менен түзүлгөн келишимдердин алкагында жабууга убада кылган.

Козголоңдун натыйжасында кеминде 10 орус аскери набыт болуп, миллион калкы бар шаар бийликке баш ийбеген куралдуу топтун көзөмөлүнө өткөн.

ФСБнын билдирүүсүндө коопсуздук кызматы «козголоңдун катышуучулары түздөн-түз кылмыш жасоого багытталган аракеттерди токтоткондугун аныктады» деп айтылат.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, куралдуу козголоң сыяктуу өзгөчө оор кылмыштар боюнча «Кылмышка даярдануу» беренеси күчүнө кириши керек. Бирок бул боюнча иш козголгону айтылган жок.

2013-жылдын февралында Башкы чалгындоо башкармалыгынын полковниги Владимир Квачков козголоңго даярдануу беренеси боюнча соттолгон. Ал катаал режимдеги колонияга 13 жылга кесилген. Кийинчерээк Жогорку Сот жазаны 8 жылга кыскарткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18