24.kg
14:04, 27 июня 2023, 24.kg

Салык кызматынын лотереясынын экинчи туру бүгүн өтөт

Бүгүн– "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун экинчи күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен ойнотулат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 26-июнда 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен өз ээлерин тапты. Мындай утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында 30-июнга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар эстрада жылдыздары катышкан кызыктуу шоу-концерт менен коштолот. Мындан тышкары, келген көрүүчүлөр үчүн гана 15 смартфон ойнотулат.

Утуштарды бул жерден көрсөңүз болот:

Facebook https://www.facebook.com/salykKG

YouTube https://www.youtube.com/@salyk_kg

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18