24.kg
11:10, 27 июня 2023, 24.kg

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушунун башталышына президент, депутаттар катышат

30-июнь күнү Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталат. Ага карата расмий иш чара уюштурулат.

Ага президент Садыр Жапаров баш болуп, министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары катышат.

Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.

Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары, толугу менен 7-10 жыл аралыгында салынары айтылган.

Долбоор Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнү, туризмди өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген. Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Өкмөт Асман шаарын куруу дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, «Асман шаарынын курулушуна жол жок» деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын, шаар курулса, экологиялык каатчылыкка себеп болушу ыктымал экенин эскертишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18