24.kg
08:58, 26 июня 2023, 24.kg

Казакстанда райондук полициянын орун басарынын сөөгү табылды

Акмола облусунда Зеренди райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын сөөгү табылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме берүү менен Турар Дүйсембин 25-июнь күнү эртең менен Кылшыкты дарыясынын жанындагы чуңкурдан табылганын кабарлашты.

Эс алууда жүргөн Дүйсембиндин дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат 23-июнда түшкөн. Ал 20-июнда үйүнөн чыгып кеткен. Издөө-куткаруу операциясы бир суткадан ашык убакытка созулду.

Расмий маалыматка караганда, денеде зордук-зомбулуктун белгилери жок. Башка маалыматтар айтыла элек. Экспертиза дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18