24.kg
16:08, 23 июня 2023, 24.kg

Облустук телекомпаниялардын маяна маселеси чечилди

Облустук телерадиокомпаниялардын кызматкерлеринин маяна ала албай жаткан маселеси чечилди. Бүгүн 23-июнда «Азаттыкка» Улуттук телерадиокорпорациясынан (УТРК) билдиришкендей, үч айлык маяна толук төлөнүп берилди.

Акча 12-июнда түшкөнү, ошол замат бардык кызматкерлердин апрель, май жана июнь айлары үчүн айлыгы төлөнүп берилгени маалымдалды.

Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. 7-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков «Үч ай мурун облустук компаниялар маданият министрлигинин карамагынан алынып, УТРКга өткөрүлүп берилген. Үч айдан бери журналисттер, операторлор, жалпы жамааты маянасын ала албай жатат. Батирде жашаганы, насыя алгандары бар, көпчүлүгү карыз болуп баратат. Реформа кылабыз деп айлык маянасын токтотуп коюу орчундуу маселе. Ушуга көңүл буруу керек», — деп айткан.

Айлык көйгөйү жаралып жатканын кызматкерлер өзүлөрү да айтып чыгышкан.

Мурда облустук каналдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш ийчү, кийин УТРКга өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18