24.kg
16:12, 20 июня 2023, 24.kg

Өзбекстанда катуу шамалдан улам миңдеген керектөөчү жарыксыз калды

19-июнда катуу шамалдан улам Өзбекстандын Бухара, Навои, Самарканд жана Жизак облустарында 10 миңдеген керектөөчү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алгач Бухара жана Навои облустарындагы 29 560 керектөөчүнун электр энергиясы өчкөн. Кечке жакын Самарканд облусунда дагы 9 миң абонент жарыксыз калган.

Акыркы күндөрү Өзбекстандын бир катар аймактарында кумдуу бороондор уланууда.

Социалдык түйүн колдонуучулары айылдар менен жолдорго кумдуу бороондун жакындап келе жатканы тартылган видеолорду жарыялап жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18