24.kg
17:24, 19 июня 2023, 24.kg

Бишкек-Баткен тез жүрүүчү поездине темир жол куруу сунушталды

Бишкек-Баткен тез жүрүүчү поездине темир жол куруу сунушталды. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, поезд 20 жылга жетпей кеткен каражатты актайт.

«Түштүк-Түндүк жолунда жол кырсыгы көп катталып, каза болгондор, майыптык алгандар арбын. Учакка билет өтө кымбат. Поезд жол куруп, баасын 500 сом кылып койсок дагы ал 20 жылда өзүн актайт. Баткенден баштап, жолдо бир нече станцияга токтоп, Бишкекке жетсе болот. Ушундай долбоорлорго алынган насыя, гранттарды биз колдойбуз. Ооба биз тоолуу аймакпыз, бирок айрым өлкөлөр суунун астынан деле жолдорду алып өтүп жатышпайбы», — деди Айбек Осмонов.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18