24.kg
17:00, 16 июня 2023, 24.kg

Анкара соту Орхан Инандыны 21 жылга эркинен ажыратты

Анкара соту Орхан Инандыны 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу түрк медиасы кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү сотко Орхан Инанды жана анын жактоочусу катышкан.

Анкара соту Инандыны «террордук уюмдун түзүүчү жана жетектөөгө» айыптуу деп таап 21 жылга эркинен ажыратты.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган.

Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Орхон Инандынын жоголушу тууралуу Садыр Жапаров Реджеп Эрдогандан сураганын, ал Инанды боюнча маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча уккусу келбегенин айткан.

5-июлда Реджеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды Түркия экенин кабарлаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18