24.kg
11:35, 16 июня 2023, 24.kg

Маданият министрлиги Моргенштерндин концертин токтотуу аракетин көрүүдө

Маданият, маалымат жана спорт министрлиги орусиялык ырчы Моргенштерндин Бишкекте өтө турган концертин токтотуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Алтынбек Максутов Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйында билдирди.

Жыйында бир нече депутаттар Моргенштерндин концертине каршы пикирин билдиришти.

«Ал динден алыс, журт бузар. Анын концертин токтото аласыңарбы?», — деди ал.

Депутат Шайлообек Атазов Моргенштернге РФда кылмыш иши козголуп, ири суммада айып салынганын, анын денесинде шайтандардын сүрөтү тартылганын сынга алды.

Алтынбек Максутов депутаттар менен макулдугун билдирип, азыр «Бишкек Арена» муз аянтчасынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18