24.kg
15:52, 15 июня 2023, 24.kg

ЖМК: Украинада орус тарапта согушкан 93 борбор азиялык каза болду

Украинада Орусиянын тарабында согушкан Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34 жана Тажикстандын 40 жараны каза болду. Бул тууралуу «Би-Би-Синин» орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылат.

Материал «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттарына арналган. Анда Орусияда түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, абактан Украинадагы согушка жөнөтүлүп, ал жакта каза болгон бир нече кыргызстандык жөнүндө жазылган.

Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөн. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.

2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18