24.kg
15:51, 15 июня 2023, 24.kg

Иманкулов Кыргызстан чек ара боюнча Тажикстанга сунуш бергенин билдирди

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен акыркы жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирди. Бул тууралуу 14-июнда «Биринчи радиодогу» маегинде айтып, ал кандай сунуш экенин тактаган жок.

Марат Иманкуловдун сөзүнө караганда, ушул тапта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору иштеп жатат.

«Президент (Садыр Жапаров) чек ара боюнча өзүнүн пикирин айтты. Бизде саясий эрк бар. Кыргызстандын Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматыбыз жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан «кел чек араны чечели» деп айтып атабыз. Советтер Союзу ураганда Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калыш керек», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18