24.kg
17:50, 14 июня 2023, 24.kg

Баткендин жетекчиси Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту.
 
Жолугушууга Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
 

Жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты.
 
Ошондой эле, эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди.
 
Жолугушууга КР УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали да катышып, өз багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт.
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18