24.kg
15:58, 14 июня 2023, 24.kg

Екатеринбургда тажикстандыктар мушташып, эки киши өлдү

Орусиянын Екатеринбург шаарында тажик жарандарынын ортосундагы араздашуулардын биринде эки адам каза болуп, дагы экөө жарадар болду.

Окуя 12-июнь күнү таңга маал Бардин көчөсүндө жайгашкан «Тыйын» дүкөнүнүн жанында болгон.

«Коммерсант» басылмасы жазгандай, тажик жарандарынын ортосундагы криминалдык тирешүүгө жана жапырт мушташка акча маселеси себеп болгон.

Екатеринбургдун Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгы кылмыштын бети изи сууй электе ачылып, шектүүлөр аныкталганын билдирди.

Полиция шектүүлөр Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөнүн белгиледи. Расмий маалыматка караганда, мушташта Темур Исмоилов жана Хофиз Ниеззода аттуу жарандар каза болгон.

Екатеринбургдагы тажик диаспорасынын төрагасы Фаррух Мирзоев шектүүлөр Казакстанда кармалганын, бирок тергөө органдары бул маалыматты азырынча тастыктай электигин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18