24.kg
14:32, 14 июня 2023, 24.kg

Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы үйдүн ачкычын тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, эки кабаттуу турак жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган. Бул турак жайда чек арачылар үй-бүлөлөрү менен жашайт. Балдар ойноочу аянтча, спорт залы, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган.

Ачылуу аземине чек ара кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнун жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, мамлекет жетекчилиги тарабынан кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан олуттуу жумуштар тууралуу кыскача айтып өттү.

Мындан ары да Кыргызстандын ар тараптуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тийиштүү аракеттерди көрүү улантыларын баса белгиледи. Ал ошондой эле шарттарды түзүү менен аскер кызматкерлерине талаптар да күчөтүлгөнүн, өлкө чек арасынын бүтүндүгүн камсыз кылууда ар бир аскер кызматкери коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү экенин эскертти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18