24.kg
16:14, 13 июня 2023, 24.kg

Иран Тажикстан менен Орусияга аскердик дрондорду өндүрүү технологиясын сунуштады

Иран Тажикстан менен Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү үчүн технологияларды бериши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин, ошондой эле Соода, Юстиция жана Каржы министрликтеринин биргелешкен баяндамасында айтылат.

«Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Иран Тажикстан менен Орусиянын аймактарында учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү уюштуруу максатында бул өлкөлөргө технологиялар менен жабдууларды сунуштады. Тегерандын бул аракеттери эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө, өз өндүрүмүн экспорттоодон түшкөн кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле экспорттук көзөмөл аркылуу дрон өндүрүшүнө бөгөт коюу ыктымалдыгын оорлотууга багытталган болушу мүмкүн», — деп жазылган баяндамада.

АКШнын бийлиги Орусия Украинадагы согушта Иранда өндүрүлгөн компоненттерден куралган иран дрондорун колдонуп жатканы далилденгенин билдирүүдө.

Азырынча Тажикстан менен Орусиянын бийлик өкүлдөрү бул баяндамага эч кандай реакция жасай элек.

Буга чейин Москва менен Тегеран Украинадагы согушта Ирандын дрондору колдонулуп жатканын бир нече жолу четке кагышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18