24.kg
15:09, 13 июня 2023, 24.kg

Кулубаев: Аскердик доктринага тышкы агрессия түшүнүгүн киргизиш керек

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Аскердик доктринасынын долбооруна «тышкы агрессия» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

«Тышкы агрессия түшүнүгүн сөзсүз киргизишибиз керек. Өзүңүздөр билгендей 2021-2022-жылдары бул көйгөйдү биз көрдүк. Агрессияга жасаган каршы кыймыл-аракетибиз доктринада да көрсөтүлүшү зарыл», — деди Жээнбек Кулубаев.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында өтүп жатат. Жыйында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары боюнча маселе каралууда.

Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Садыр Жапаров Аскердик доктринанын жаңы долбоорун тезирээк иштеп чыгып, ишке киргизүү керек экенин айтты.

2021-2022-жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш болуп эки тараптан тең ондогон адам каза болгон.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18