24.kg
09:20, 13 июня 2023, 24.kg

Орус өкмөтү студенттерди Мариуполду калыбына келтирүүгө жөнөтөт

Орус өкмөтү талкаланып, оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө орусиялык студенттерди тартууну пландоодо. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.

Аткаминердин айтымында, жайында орусиялык студенттер Мариуполдун инфраструктурасын калыбына келтирүүгө катышат.

«Ушул жай сиздер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Сиздер бардык милдеттерди аткарасыздар деп ишенем», — деди вице-премьер-министр.

Ал орусиялык студенттер Донецк облусундагы согуштук аракеттердин натыйжасында бузулган «Саур-Могила» мемориалдык комплексин калыбына келтирүүгө катышканын эске салды.

Мурдараак орусиялык компаниялар Украинанын аннексияланган облустарындагы аскердик курулуштарга борборазиялык мигранттарды байма-бай жалдап жатканы, арасында Кыргызстандын жарандары да бар экени тууралуу маалыматтар айтылып келген. Алардын айрымдары убада кылынган акчасын ала албай жатышканы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18