24.kg
09:41, 08 июня 2023, 24.kg

Орусияда тажик мигранттарын кармоо уланууда

Орусиянын ТИМ жана ИИМ башчылары Тажикстанда расмий сапар менен жүргөн кезде Орусияда тажик мигранттарын кармоо уланып жатты.

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров 5-6-июнь күндөрү расмий сапар менен Душанбеге барып, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен кездешкен. Сапар учурунда тажик эмгек мигранттарынын маселелери талкууланган.

Бул арада ушул күндөрү «Озоди» радиосунун редакциясына Санкт-Петербургда тажик мигранттарына каршы жүргүзүлүп жаткан рейд жөнүндө видеолор келип жатты. Мурдараак орус бийлиги мигранттардын документтерин текшерүү үчүн жүргүзүлүп жаткан пландан тышкаркы рейд аяктаганын маалымдаган болчу.

«Санкт-Петербургда мигранттардын абалы оорлошуп кетти — аларды бардык жерде кармап, полиция бөлүмдөрүнө алып кетишүүдө. Полициянын бардык бөлүмдөрү тажик мигранттарына толуп кетти. Балдар, өзүңөрдү сактагыла», — деген мигранттардын бири.

Быйыл майда орусиялык полициячылар жүздөгөн мигранттарды кармап, ур-токмокко алып, ондогон жарандарды депортациялаган. Текшерүүлөр Москвада гана эмес Санкт-Петербург, Амурдагы Комсомольск шаарларында, Самара жана башка облустарда жүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18