24.kg
11:12, 07 июня 2023, 24.kg

Бишкектеги таза суу тартыштыгы парламентте көтөрүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек мэринин таза суу маселеси боюнча маалыматын угууну талап кылды.

Ал элдин кыжыры кайнап турганын, жакында митигге чыгышы мүмкүндүгүн айтты.

«Бишкекте суу маселеси курч. Мэриянын маалыматын угуу керек. Үч жумадан бери айтып жатам, Минкаб көңүл бөлбөйт, мэрия жыйынга келбейт. Бул маселе чечилеби? Мындай болсо элдер көчөгө чыгат. Сөзсүз бизге дагы келишет», — дейт Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, Бишкектин «Арча-Бешик», Селекция, 105-контур, Салкын-Төр, Кичи Орок, Сары-Өзөн жана Калтар аймактарында майдын ортосунан бери суу сааты менен берилүүдө.

Бишкектин түштүк кичи райондорунда дагы сууга чектөө киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18