24.kg
11:06, 05 июня 2023, 24.kg

Президенттин уулу Рустамдын Эрдогандын инаугурациясына эмнеге барганы айтылды

Президенттин уулу Рустам Жапаровдун Реджеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына катышкан сүрөтү социалдык тармакта таркады. Ал сүрөттө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин күйөө баласы Отабек Умаров менен сүйлөшүп турат.

Photo 298791

Photo 298735

Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Рустамды Түркия тарап чакырган. Ага Түркияга сапарына бюджеттен акча коротулган эмес.

Белгилей кетсек, Рустам Жапаров буга чейин Самаркандда өткөн ШКУнун жыйынында дагы Кыргызстандан барган расмий делегациянын катарында катышкан.  Рустам Жапаровдун кайсы мамлекеттик кызматта иштери белгисиз.

Сүрөттө Рустам Жапаровдун жанында турган Отабек Умаров Өзбекстандын президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары. Шавкат Мирзиеевдин күйөө баласынын жүрүм турумуна көп сын пикир айтылып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18