24.kg
09:29, 05 июня 2023, 24.kg

Шарль Мишел Борбор Азияны тооруган санкциялар тууралуу маалымат берди

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишел Чолпон-Атадагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында «Азаттык» радиосунун «Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?» деген суроосуна жооп берди.

Ал Европа Биримдиги Орусиянын согуш машинасын колдогондорго чара көрүп жатканын, жаңы санкциялар учурда талкууланып жатканын белгиледи.

«Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз», — деди Мишел.

Ал кошумчалагандай, Евробиримдик бир жагынан өз өнөктөштөрүн Орусияга Батыштын санкцияларын буйтап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырат, экинчи жагынан санкцияларга байланыштуу ал өнөктөштөрдүн суроолорун же кандайдыр бир көйгөйлөрүн угуп, талкуулоого даяр.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18