24.kg
17:20, 02 июня 2023, 24.kg

Өзбекстанда мыйзамсыз жер сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды

Фергана облусунун аймагынан багбанчылык үчүн 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, орус жараны Фергана облусунун 26 жаштагы тургуну жазган арыздын негизинде кармалды.

Орусиянын Кыргызстанда 1985-жылы төрөлгөн жараны тиешелүү документтерсиз эле Кучкорчи айылынан жер сатып алууга аракет кылган. Ал жер жергиликтүү фермердик чарбага узак мөөнөткө ижарага берилгени кабарланды.

Шектүү аванс катары 15 миң АКШ долларын берип жатканда кармалган.

Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18