24.kg
09:53, 01 июня 2023, 24.kg

«Асман» шаарынын курулушу 30-июнда башталары айтылды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлгө салынуучу «Асман» шаарынын курулушу 30-июнда башталарын билдирди. Жапаров бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында жаңы курулган парктын ачылышында айтты.

«Бир жарым жылдан бери долбоорлорун, кагаздарын даярдадык. «Асман» шаарынын долбоору даяр болуп калды. Кудай буюрса, 30-июнда кутучасын салабыз. Шаар 500 миңден 700 миңге чейин киши жашай турган 4 миң гектарга түшөт. Кыргызстандан бир тыйын акча короткон жокпуз. Анткени шаар сала турган акчабыз да жок. Сырттан инвесторлорду топтоп келип салдырган жатабыз», — деди Жапаров.

Президент жергиликтүү элди инветорлорго тоскоолдук кылбоого чакырды.

22-мартта «Асман» шаарын куруу иши мамлекеттик дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өткөн. Анда «бул чечим натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн кабыл алынганы» белгиленген.

Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.

Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары, толугу менен 7-10 жыл аралыгында салынары айтылган.

Долбоор Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнү, туризмди өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген. Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Өкмөт Асман шаарын куруу дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, «Асман шаарынын курулушуна жол жок» деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын, шаар курулса, экологиялык каатчылыкка себеп болушу ыктымал экенин эскертишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18