24.kg
09:27, 31 мая 2023, 24.kg

Украинада «Вагнердин» катарында согушкан казакстандык 9 жылга соттолду

Украинада сот Казакстандын 23 жаштагы жараны Чынгыс Сейпиевди «Жалданмачылык» беренеси боюнча 9 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Грати» басылмасы билдирди.

Иштин материалдарына ылайык, Сейпиев 2022-жылдын октябрында Украинага каршы согушка катышуу үчүн «Вагнер» жеке аскердик компаниясына азгырылган. 18-ноябрда аны учак менен Тюменден Ростов облусуна алып барышып, келишимге кол койдурушкан. Ага айына 200 миң рубль убада кылынган, Сейпиев акчаны келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин алышы керек болчу.

Сейпиев аскердик даярдыктан өтүп, Донецк облусунун Бахмут районунун Яковлевка айылына жөнөтүлүп, ал жерде бир жума согушуп, 30-декабрда туткунга түшкөн.

Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча Сейпиев Тюмендеги № 2 түзөтүү колониясында согушка тартылган. Ал зордуктоо иши боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган «Вагнер» тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы кабарланып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18