24.kg
09:27, 31 мая 2023, 24.kg

Орусия согуш ачкандан бери Украинада 483 бала набыт болду

Орусия Украинага кеңири чабуул баштагандан бери 483 бала каза болуп, 989 бала ар кандай деңгээлде жаракат алган. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.

Эң көп бала Донецк, Харьков жана Херсон облустарында жапа чеккен.

«Жабыр тарткандар мындан да көп болушу мүмкүн. Уруш жүрүп жаткан, убактылуу басып алынган жана баскынчылардан бошотулган аймактарда жабыркагандарды аныктоо иштери жүрүүдө», деп кабарлады прокуратура.

БУУнун маалыматы боюнча 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 8-майына чейин Украинада 8 791 жай тургун набыт болуп, 14 815и жарадар болгон. БУУ курмандыктардын чыныгы саны алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18