24.kg
16:41, 30 мая 2023, 24.kg

D Billions тобу дүйнөлүк концерттик турне пландоодо

D Billions чыгармачыл тобу дүйнөлүк концерттик турне пландоодо. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда билдиришти.

D Billions 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестиваль өткөрөт. д

Акылбек Жапаров чыгармачылык топту өлкөнүн чоң сыймыгы катары белгиледи.

«Бүткүл дүйнөнүн балдары Чики, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялинин кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды — азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү», — деди Акылбек Жапаров.

D Billions каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контентти чыгарат жана айына 400дөн ашуун тасмаларды тарткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18