24.kg
09:12, 29 мая 2023, 24.kg

Түркия: Эрдоган добуштардын 53% алды

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 98% саналып бүттү.

Hurriyet басылмасы билдиргендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.

Эрдоган өзүн жеңүүчү атады. Ал түрк эли алдыдагы беш жылда өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин өзүнө жана анын администрациясына өткөрүп бергенин айтты. Эрдоган шайлоонун жыйынтыгын демократиянын майрамы деп атады.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты. Өлкө боюнча 191 миңден ашык урна орнотулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18