24.kg
13:50, 26 мая 2023, 24.kg

Венгрия кыргыз жарандарын жумушка кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн

Венгрия кыргыз жарандарын жумушка кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы миграциялык кеңештин жыйынында Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков билдирди.

Ал Эмгек министрлигине Венгрияга жумушка жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын ишин көзөмөлдөөнү сунуштады.

«Венгрияга келип, качып кеткендер бар. Венгрия кыргыз жарандарына квота бөлбөй коюшу мүмкүн. Алар азыр Казакстан менен иштешпей калышкан», — депутат Жаныбек Асанбеков.

Эмгек министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев Венгрия менен Польшага эмгек келишими менен кыргыз жарандары жеткенден кийин Европанын башка аймактарына кетип жатканын ырастады.

Министрлик жумушка орнотуучу менчик компаниялардын лицензияларын карап чыкмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18