24.kg
09:52, 26 мая 2023, 24.kg

Талас шаарында Тоо театрларынын республикалык фестивалы өтүп жатат

Таласта Тоо театрларынын II Республикалык фестивалы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдыгынын урматына арналды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана туризм министрлиги билдирди.
 
Иш чарага Нарындын, Оштун, Жалал-Абаддын жана Чүйдүн театрлары катышууда.
 
Фестивалга Казакстандан Жамбыл облустук А.Токпаев атындагы музыкалык драма театры конок катары чакырылган.
 
Тоо театрларынын II Республикалык фестивалында төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:
— Мыкты режиссура;
— Мыкты сценография;
— Мыкты музыкалык жасалгалоо;
— Эркектердин образын мыкты жараткандыгы үчүн;
— Аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн ;
— Эркектин экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн ;
— Аялдын экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
— Эпизоддук ролду мыкты жараткандыгы үчүн;
— Эң жакшы дебют үчүн;
— Көрүүчүлөрдүн симпатиясы.
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18