24.kg
16:48, 25 мая 2023, 24.kg

Орусияда өндүрүш аянтчасындагы жарылуудан эки мигрант каза болду

23-майда Орусиянын Ленинград облусунда жайгашкан өндүрүш аянтчасындагы жарылуудан үч киши каза болду.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, жарылуу Новосергиевка айылында катталган. «Дидал-СК» ишканасынын аймагындагы ширетүү иштеринин жүрүшүндө сууда калкып туруучу көпүрө жарылып кеткен.

Жыйынтыгында Өзбекстандын 41 жаштагы, Санкт-Петербургдун 37 жаштагы жана Тажикстандын 50 жаштагы тургундары каза болгон.

Мындан тышкары дагы эки тажикстандык жумушчу оор жана бир кызматкер жеңил жаракат алганы кабарланды.

Болжолдуу түрдө жарылууга жаңы боёктун бууланышы себеп болгону айтылууда. Бул окуядан кийин укук коргоо органдары «Курулуштагы жана башка тармактардагы коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18