24.kg
12:06, 25 мая 2023, 24.kg

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатынын борбордук зонасында Бангладештин командасын жеңди.

Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын курамасы Бангладештин командасын 3:0 эсебинде жеңген. Кыргызстандын командасы буга чейин Непал жана Индиянын командаларынан жеңилген.

Эми команда турнирде 5-8-орундар үчүн ойноп, алгач «В» тайпасында 4-орунду ээлеген команда менен беттешет.

Мелдешке 8 мамлекеттен — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Индиядан келген курама командалар катышып жатат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын борбордук зонасы Непалдын Кутмандуу шаарында 20-май күнү башталып, 30-майга чейин уланмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18