24.kg
15:57, 24 мая 2023, 24.kg

Kaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча сот чечими чыкты

23-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты.

Судья Жылдыз Сайдылдаеванын чечимине ылайык, Kaktus.media басылмасы жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды.

Натыйжада, кабарчы 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду (басылманын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик пошлина төлөө талабы да коюлду.

Доо арыз Kaktus.media сайтына былтыр 29-декабрда жарыяланган «Вечерний Бишкектин» кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти" деген макала жарыяланганына байланыштуу жазылган.

«Вечерний Бишкек» бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин айтып, жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18