24.kg
13:31, 24 мая 2023, 24.kg

Сингапурдун президенти Ташкентке катардагы аба каттамы менен учуп барды

Сингапурдун президенти Халима Якуб 23-майда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды.

Маалыматка караганда, Якуб Астанадан Ташкентке Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын катардагы каттамды аткарган Airbus A320 учагы менен барды. Ташкент аэропортунда аны Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Зулайхо Махкамова, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана Ташкент мэринин милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков тосуп алды.

Сингапур президенти 25-майга чейин созула турган сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев баштаган бир катар расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес-форумуна катышат деп күтүлүүдө.

Быйыл январда Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Сингапурга барып келген.

«Википедиядагы» маалыматка ылайык, адатта Сингапурдун президенти, премьер-министри жана башка расмий адамдары чет өлкөлүк сапарларга катардагы аба каттамдары менен учуп барышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18