24.kg
09:38, 23 мая 2023, 24.kg

Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону жандандырды

Өзбекстан кайрадан Кытайга газ экспорттой баштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына шилтеме кылып кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Өзбекстан апрелде Кытайга 40,47 миллион долларга газ экспорттолгон. Январь-март айларында газ сатылган эмес.

Өзбекстандын Статистика комитети кабарлагандай, өткөн айда газдын жалпы экспорту 90,5 миллион долларды түзгөн. Бирок бул сумманын канчасы кайсы өлкөгө тиешелүү экени көрсөтүлгөн эмес.

Өзбекстан 2022-жылы чет өлкөлөргө 910,9 миллион долларга газ экспорттогонун билдирген. Ошол эле маалда кытай тарап былтыр 1,07 миллиард долларга өзбек газын импорттогонун кабарлаган. Бул Өзбекстандын маалыматындагы суммадан 159,5 миллион долларга же 18,2% көп.

Өзбекстандын энергетика министрлиги Журабек Мирзамахмудов эки өлкөнүн маалыматтарындагы айырмачылыкты Кытай түркмөн газынын экспортун да кошуп эсептеп жатканы менен түшүндүргөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18