24.kg
12:55, 22 мая 2023, 24.kg

Аскар Акаевдин пландалган үч лекциясы тең токтотулду

Мурдакы президент Аскар Акаевдин пландалган үч лекциясы тең токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, мурдакы президент Илимдер академиясында, Улуттук университетинде жана техникалык университетте лекция пландаган.

«Үчөө тең биз менен макулдашылган эмес. Ал 26-29-майга белгиленген экен. Үчөө тең болбойт. Бул жерде саясий, моралдык маселе. Коомчулуктун терс реакциясын эске алып, үчөө тең лекция болбойт деп чечим чыгарыптыр», — деди Каныбек Иманалиев.

Белгилей кетсек, Аскар Акаевдин лекция өтүүсүнө И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери каршы чыгып, кайрылуу жөнөтүшкөн.

Мурдакы президент 2005-жылдан бери Москвада жашайт. Ага кылмыщ иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. 2021-жылы ага каршы козголгон иштер токтотулганы маалымдалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18